Экономика министрлиги менен Дүйнөлүк банк кызматташууну улантат

09.06.2023, 10:00 Акчабар
Экономика министрлиги менен Дүйнөлүк банк кызматташууну улантат

Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хассан Накви жана Дүйнөлүк банктын Борбор Азия аймагындагы макроэкономика, соода жана инвестиция боюнча  Глобал жетекчиси Антонио Нукифора менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Чоро Сейитов Дүйнөлүк банкка Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле өлкөнүн экономикалык саясатынын негизги приоритеттүү багыттары боюнча маалымат берди. Учурда өлкөнүн экономикалык саясатынын негизин чарбакер субъекттерди колдоо, экономиканы көмүскөдөн чыгаруу жана каржылоону тартуу аркылуу экономикалык өсүштү тездетүүгө багытталган стратегиялык милдеттерди чечүү болуп саналат.

Өз кезегинде Антонио Нукифора учурда Дүйнөлүк банктын командасы Кыргызстандын экономикасынын өсүшү үчүн жаңы кыймылдаткыч күчтөрдү түзүү боюнча өлкөнүн экономикалык меморандумунун (ӨЭМ) демилгесинин үстүндө иштеп жатканын билдирди.

Бул миссиянын алкагында тараптар жеке секторду өнүктүрүүнү тездетүү жана жумуш орундарын түзүү боюнча Кыргызстандын экономикасынын алдында турган милдеттерди талкуулашты, алар 2023-жылдын калган бөлүгүндө ӨЭМде кеңири талдоого алынат. Дүйнөлүк банктын командасы бул аналитикалык отчетту кыргыз кесиптештери менен бирге даярдоого кубанычта болот.

Тараптар бул Экономикалык меморандумду иштеп чыгууда тыгыз кызматташууну улантууну макулдашышты.

Маалымат иретинде: ӨЭМдин максаты - Кыргыз Республикасында жеке сектордун өсүүсүнө негизги чектөөлөрдү талдоо жана ошону менен Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасы менен түзүмдүк жана институционалдык реформалар программасы боюнча үзгүлтүксүз саясат диалогуна салым кошуп, өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана жумуш орундарын көбөйтүү болуп саналат.
 

Тэги: Всемирный банк Минэконом КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу