Кумарканалардын салыгын азайтуу кайрадан сунушталды

24.03.2023, 11:19 Акчабар
Кумарканалардын салыгын азайтуу кайрадан сунушталды

Экономика жана соода министри кумарканалар үчүн салыктын көлөмүн азайтуу боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга койду. Ага ылайык, бааларды төмөнкүдөй кылып өзгөртүү сунушталды:

Кумарканадагы бир оюн столу (флот) үчүн:

  • 2023-жылы – 450 000 сом; (азыркы талап боюнча 1 млн. сом)
  • 2024-жылдан тартып – 600 000 сом; ( азыр 1 млн. 250 миң сом)

Оюн автоматтар жана компьютердик симулятор залдарында бир оюн автоматы үчүн:

  • 2023-жылы – 10 миң сом; (азыр 75 миң сом)
  • 2024-жылдан тартып - 15 миң сом; (азыр 100 миң сом)

Мекеме мындай өзгөрүү инвесторлорго ыңгайлуу шарт түзүү максатында жүрүп жатканын, өлкөдөгү жана дүйнөдөгү экономикалык кырдаалды эске алуу менен бүгүнкү күндүн талаптарына жооп берген салыктык ставка иштелип чыкканын билдирди.

Тэги: новости Кыргызстана аналог казино

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу