Бекмурзаев: Кышында электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет

15.09.2021, 15:30 Акчабар
Бекмурзаев: Кышында электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет

Жылытуу мезгилинде электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет. Бул тууралуу бүгүн энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев энергетика тармагынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулаган тегерек столдо билдирди.

Энергетика жана өнөр жай министри калкты күз-кыш мезгилинде электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылуу жана авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу максатында бардык иштер жасалып жатканын белгиледи.

"Кышкысын кыргызстандыктар электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылынат. Анткени быйыл суунун аз болгондугуна байланыштуу Түркмөнстандан электр энергиясы экспорттолууда. Мындан тышкары кышка даярдык маселеси өз нугунда жүрүүдө. Авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу үчүн бардык энергетикалык объектилердин жабдуулары оңдоп-түздөөдөн өттү", - деди Доскул Бекмурзаев.

Тегерек столдо көз карандысыз эксперттер, коомдук ишмерлер жана энергетика тармагындагы эксперттер калкка калк үчүн электр энергиясынын баасы 77 тыйындан калышын, чакан ГЭСтердин курулушун колдой тургандыктарын билдиришти.

Тэги: Минэнерго электроэнергия ОЗП

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу