Энергетика министрлиги кореялык «K-Water» компаниясы менен меморандумга кол койду

18.04.2024, 13:31 Акчабар
Энергетика министрлиги кореялык «K-Water» компаниясы менен меморандумга кол койду

Энергетика министрлиги менен Кореянын Суу ресурстары корпорациясы (K-Water) ортосунда парник газдарынын эмиссиясын азайтуу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык меморандуму жетишилди.

Ведомстводон маалымдашкандай, документке энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев менен K-Water компаниясынын башкы директору Юн Сог Дэ кол коюшту.

Белгиленгендей, өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун максаты кызматташуунун жалпы негизин камсыз кылуу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдонуу менен парник газдарынын эмиссиясын азайтуу боюнча эл аралык долбоорлорду чалгындоо жана өнүктүрүү чөйрөлөрүндө прогресске көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Тэги: экономика новости Кыргызстана Минэнерго КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу