Жогорку Нарын каскады британиялык компания менен биргеликте курулат

01.03.2023, 15:00 Акчабар
Жогорку Нарын каскады британиялык компания менен биргеликте курулат

Энергетика министрлиги менен британиялык “MINDDOCK LIMITED DBA Enterprise Energy Investments” компаниясынын ортосунда Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу долбоору өзүнө 4 гидроэлектрстанцияны (Акбулуң, Нарын-1,2,3) камтыйт, алардын жалпы орнотулган кубаттуулугу 237,7 МВт жана жылдык орточо иштеп чыгуусу 942,4 млн киловатт-саатты түзөт.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу электр энергиясынын тартыштыгын жоюу долбоорунун бир бөлүгү экенин белгиледи.

“Күндөн-күнгө электр энергиясын керектөөчүлөрдүн саны өсүүдө. Биз энергетиктер калкка электр энергриясын үзгүлтүксүз беришибиз керек. Буга байланыштуу Жогорку Нарын ГЭС каскадын курсак, Нарын жана Ысык-Көл зоналарында электр энергиясын иштеп чыгууну көбөйтүү, КР энергосистемасынын коопсуздугу боюнча талаптарды сактоо, региондордо электр энергиясына болгон тартыштыкты азайтууга шарт түзүлөт деген ойдомун”, - деди Ибраев.

Меморандум кол коюлган күндөн тартып 2023-жылдын 15-апрелине чейин күчүндө болот.

Эгер тараптар меморандумга ылайык милдеттерди аткарбаса, көрсөтүлгөн датада автоматтык түрдө күчүн жоготот.

Тэги: новости Кыргызстана Верхне-Нарынский каскад ГЭС Великобритания

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу