Январдагы «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамына ылайык укуктук ченем актыларынын негизинде республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке 173 млн 915.9 миң сом трансфертик суммасы которулду . Бул тууралуу Финансы министрлигинин сайтында жарыяланды.
Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 173 млн 915,9 миң сом суммасында бюджеттер аралык трансферттер бөлүндү, анын ичинде теңдөөчү трансферттерди каржылоого 166 млн 221,2 миң сом, максаттуу трансферттерди каржылоого 7 млн 694,7 миң сом сарпталды. Максаттуу трансферттерди каржылоого бөлүнгөн акча каражаттары толугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кээ бир ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүгө жумшалды.