Мамлекеттик баалуу кагаздардын эмиссиясынын көлөмү 73% көбөйөт

28.09.2022, 11:41 Акчабар
Мамлекеттик баалуу кагаздардын эмиссиясынын көлөмү 73% көбөйөт

Кыргызстандын Каржы министрлиги 2022-жылдын октябрына карата мамлекеттик баалуу кагаздардын чыгарылышынын алдын ала көлөмүн жарыялады. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Алсак, эмиссиянын жалпы көлөмү 2 миллиард 250 миллион сомду түзөт. Каражаттын басымдуу бөлүгү, тактап айтканда 2 миллиард 150 миллион сому ар кандай төлөө мөөнөтү менен мамлекеттик облигациялардын эмиссиясы. Калган 100 миллион сом 12 айлык векселдерди чыгаруу аркылуу бюджетке түшүшү керек.

Белгилеп кетсек, мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу планы 1,3 млрд сомду түзгөн сентябрь айына салыштырмалуу сумма 73%га өскөн.

Тэги: госбумаги Минфин КР бюджет новости Кыргызстана деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу