Каржы министрлиги бюджетке 100 млн сом тарта алган жок

18.03.2022, 11:57 Акчабар
Каржы министрлиги бюджетке 100 млн сом тарта алган жок

Кечээ, 17-мартта жүгүртүү мөөнөтү  12 ай болгон мамлекеттик казына векселдер боюнча аукцион суроо-талаптын жоктугунан өткөрүлбөгөн катары таанылды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, буга чейин “Акчабар”жазгандай, Каржы министрлиги жуманын аягына чейин ички рыноктон 900 млн сом, анын ичинен кечээки аукциондо векселдерди жайгаштыруунун эсебинен 100 млн сом карыз алууну пландап жаткан.

Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын январь айынын аягында өлкөнүн ички карызы 71 млрд 833,52 млн сомго бааланган.

Тэги: Минфин бюджет Кыргызстан экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу