Кыргызстан бюджет үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 50 млн доллар алат

02.05.2024, 14:00 Акчабар
Кыргызстан бюджет үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 50 млн доллар алат

Финансы министри Алмаз Бакетаев Грузиянын Тбилиси шаарында Азия өнүктүрүү банкынын президенти Масацугу Асакава менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдириши.

Жолугушууда Бакетаев Кыргызстандын учурдагы экономикалык абалы тууралуу кеп кылып, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын реалдуу өсүү темпи 6,2%ды түзгөнүн билдирген. Анын айтымында, бул көрсөткүч фискалдаштыруунун жана салык, бажы системасынын туура багытта иш алып баруусунун натыйжасында болгон.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министр Бакетаев Масацугу Асакавадан Өзбекстан менен Казакстандын мисалындагыдай социалдык турак-жайды каржылоо долбоорун ишке ашырууга жеке көмөк көрсөтүүсүн өтүнгөн. Ошондой эле ал климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча Кыргызстандын жаңы демилгелерин колдоону, аны менен бирге климаттык долбоорлорду каржылоо жана жашыл экономиканы өнүктүрүү үчүн жаңы фонддорду ачууну суранган.

Министрлик белгилегендей, кыргыз тарап 7-майда Азия өнүктүрүү банкы менен 50 млн долларлык бюджеттик колдонуу бекитүү боюнча сүйлөшүү жүргүзөт. Ошондой эле Коррупцияга каршы стратегияны кабыл алуу жана бекитүү пландалууда.

Быйыл Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкы менен 300 долларлык макулдашууга кол коюуну пландап жатат.

Алмаз Бакетаев Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы башкаруучусу болуп саналат.

Тэги: новости экономика Кыргызстана Минфин КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу