Кыргызстандын Улуттук банкы 27-июнда мамлекеттик 7 жылдык казына облигацияларын аукциондук эмес жайгаштырууну өткөрөт. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтында жайгаштырылган.
Мамлекеттик облигацияларды чыгаруу менен Каржы министрлиги бюджетке 500 миллион сом тартууну пландаштырууда. Ноталардын кирешелүүлүгү 15,2%, бир баалуу кагаздын баасы 65,4 сом.
Кошумчаласак, 24-июнга карата Кыргызстандын 7 жылдык мамлекеттик облигациялар линиясы боюнча милдеттенмелери 24 миллиард 343 миллион 920 миң сомго бааланган.