25-июлда мамлекеттик жети жылдык казына облигацияларын кошумча жайгаштыруу болгон жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук банкы билдирди.
Себеби суроо-талаптын жоктугу.
Облигацияларды кошумча жайгаштыруунун эсебинен Каржы министрлиги бюджетке 100 миллион сом тартууну пландаган. Баалуу кагаздарды бир облигациянын номиналдык наркы боюнча 65,4 сом арзандатуу менен сатуунун эсебинен эмиссия боюнча кирешелүүлүк 15,2% ченинде пландаштырылган.
Белгилеп кетсек, бүгүнкү күндө өлкөнүн коммерциялык банктары мамлекеттин негизги ички кредиторлору болуп саналат.