Бүгүн, 10-октябрда мамлекеттик жети жылдык казына облигацияларын кошумча жайгаштыруу болгон жок. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Буга себеп суроо-талаптын жоктугу болгон.
Кошумчалай кетсек, облигацияларды кошумча жайгаштыруунун эсебинен Каржы министрлиги бюджетке 300 миллион сом тартууну пландаган. Чыгарылыш боюнча кирешелүүлүк 15,50% пландаштырылган.