Бүгүн, 18-ноябрда өткөн аукциондун жыйынтыгы боюнча, 10 жылдык мамлекеттик казыналык облигациялардын эмиссиясы боюнча кирешелүүлүк 16,5% түздү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Быйыл 21-октябрдагы акыркы соодалоодон бери 10 жылдык мамлекеттик казыналык облигациялардын кирешелүүлүгү 0,8%га өстү.
Облигациялардын кандай көлөмдө жайгаштырылганы айтылган эмес. Бирок, буга чейин Улуттук банк баалуу кагаздар 1,8 миллиард сом өлчөмүндө жайгаштырыларын маалымдаган.
Суроо-талаптын жоктугунан эки жылдык мамлекеттик казыналык облигациялар боюнча аукцион өткөн жок.