Каржы министрлиги ушул жылдын май айына карата мамлекеттик баалуу кагаздардын алдын ала көлөмүн жарыялады. Бул тууралуу улуттук банк билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруунун жалпы көлөмү 1 миллиард 520 миллион сомду түзөт. Каржы министрлиги бюджеттин көпчүлүк бөлүгүн мамлекеттик облигациялардан тез арада 1,3 миллиард сомго тартууну көздөп жатат.
Белгилей кетсек, мамлекеттик облигациялар 5% дан 7% га чейинки купондук чен менен үч, жети, эки жана он жылдык мөөнөт менен чыгарылат.
Мындан тышкары, мамлекеттик казына векселдеринин эсебинен дагы 220 миллион сом мамлекеттик казынага түшүшү керек.