Министрлик милиционерлердин айлыгы көтөрүлөрүн айтуудан баш тартты

02.11.2022, 15:13 Акчабар
Министрлик милиционерлердин айлыгы көтөрүлөрүн айтуудан баш тартты

Кыргызстандын Каржы министрлиги “Акчабар” медиасына өлкөнүн Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин айлык маянасына кошулган акчанын көлөмүн айтуудан баш тартты.

Муну алар маалыматтын купуялуулугу менен байланыштырды. 

Ушул жылдын 28-октябрында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков парламент жыйынында милиция жана аскер кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу маселесин көтөргөн.  

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жыйынга чогулган депутаттарды милиционерлер менен аскер кызматкерлеринин айлык маянасын сөзсүз көтөрө тургандыктарына ишендирди.

Касымалиев кенже кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүү чечими кабыл алынганын белгиледи.

Каржы министрлигинин өкүлү 1-ноябрдан тарта аскер менен милиция кызматкерлеринин айлыктары көтөрүлө турганын кошумчалады.

Ошол эле маалда бир катар милиция кызматкерлери октябрь айы үчүн айлык маянасы көтөрүлө электигин “Акчабарга” билдиришти.

Тэги: милиция МВД КР зарплата

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу