Жүгүртүү мөөнөтү жети жылдык мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукцион 14-апрелде өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Пландаштырылган эмиссиянын көлөмү 1 миллиард 150 миллион сомду түзөт.
Купондук чен 7% өлчөмүндө белгиленген.
Кошумчалай кетсек, мамлекеттик баалуу кагаздардын эмиссиясы Каржы министрлигине жүктөлгөн.