28-январда жүгүртүү мөөнөтү 10 жыл болгон мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүлөрүн Улуттук банктан билдиришти.
Пландаштырылган чыгаруу көлөмү 580 млн сом, купон пайызы 8%. Облигацияларды жайгаштыруу шартында төлөө 2032-жылдын январына пландаштырылган.
Акыркы жайгаштыруунун жыйынтыгы боюнча 2021-жылдын 24-декабрында 10 жыл болгон мамлекеттик облигациялардын кирешеси 11,8% түздү.
Кошумчалай кетсек, 25-январга карата Кыргызстандын 10 жыл болгон мамлекеттик облигациялар боюнча милдеттенмелери 17 млрд 347,9 млн сомго бааланган.