Каржы министрлиги декабрь айына мамлекеттик казыналык баалуу кагаздардын эмиссиясынын алдын ала көлөмүн жарыялады.
Жалпысынан министрлик баалуу кагаздар аркылуу бюджетке 4,6 миллиард сом тартууну пландоодо. Анын ичинен 4,3 млрд сому 2 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөттөгү мамлекеттик облигациялардын эсебинен болмокчу. Ал эми баарынан да 2,3 миллиард сом, эң узак мөөнөткө карыз алуу пландаштырылууда.
Мындан тышкары 12 айлык казыналык векселдер аркылуу бюджетке 300 миллион сом түшүүсү күтүлүүдө.