Кечээ, 14-январда өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 7-жыл болгон мамлекеттик казыналык облигациялар (МКО) боюнча кирешелүүлүк 12,50% түздү. Бул тууралуу Улуттук банкттан билдиришти.
2021-жылы өткөн акыркы аукционго салыштырганда кирешелүүлүк өзгөргөн жок.
Эске салсак, аукциондо облигацияларды жайгаштыруу аркылуу бюджетке 450 млн сом тартуу пландалган.
Кошумчалай кетсек, 13-январга карата Кыргызстандын 7 жылдык мамлекеттик облигациялар линиясы боюнча милдеттенмелери 17 млрд 347,9 млн сомго бааланган.