Каржы министрлиги мамлекеттин бош акчасын - 4 млрд сомду 11 айга 9,5% менен коммерциялык банктарга жайгаштырууну көздөөдө. Бул тууралуу ведомствонун сайтында айтылат.
Жалпы сумма 9 лотко бөлүнгөнү такталган.
Депозиттерге акча жайгаштырууну каалаган Кыргызстандын коммерциялык банктары Финансы министрлигинде банктарды конкурстук тандоого катыша алышат. Сынакка катышуу үчүн арыздар мекеменин Борбордук казыналыгы тарабынан кабыл алынат.