Быйылкы жылдын алты айында энергетика тармагына 6 миллиард сом бөлүндү. Бул тууралуу маалымат жыйынында Каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди.
Ал эми 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча энергетика тармагына чыгашалар 6,4 миллиард сомду түздү.
Быйыл 17 миллиард сом сарптоо пландалууда.
Мындан тышкары, быйыл азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого бөлүнгөн каражат көбөйгөн. Алты айда 5,8 миллиард сом каржыланса, 12 айда 8,5 миллиард сом бөлүнөт.