14-январда Улуттук банк 7 жыл болгон мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрдү. Алгач мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу аркылуу бюджетке 450 млн сом тартуу пландалган.
Бирок суроо-талап сунуштан аз болуп, натыйжада 14 млн сомго гана 7 жыл болгон облигацияларды жайгаштырууга мүмкүн болду. Баалуу кагаздардын кирешелүүлүгү жайгаштыруунун жыйынтыгы боюнча 12,5%ды түздү.
Кошумчалай кетсек, 18-январга карата 22 млрд 583 млн 85 миң сомдук 7 жылдык облигациялар жүгүртүүдө.