Каржы министрлиги мамлекеттик казына милдеттенмелерин (МКК) жайгаштыруу аркылуу өлкөнүн ички рыногунан дагы 300 млн 967 миң сом карыз алды.
Бардык сумма жети жылдык жүгүртүү мөөнөтү менен казыналык облигацияларды жайгаштыруу жолу менен алынган. Аукцион 1-декабрда өттү, бирок өзгөртүүлөр бүгүн гана Улуттук банктын статистикасында чагылдырылды.
Белгилеп кетсек, алгач министрлик 7 жылдык мамлекеттик облигациялардан 1,8 миллиард сом тартууну пландаган. Бирок баалуу кагаздарга суроо-талап бир кыйла аз болуп чыкты жана акырында ал толугу менен канааттандырылды. Облигациянын орточо кирешелүүлүгү 16,3% болду. Ошол эле учурда, соода процессинин жүрүшүндө МКК боюнча купондук чен 7% болгонуна карабастан 16,9% жетти.
Муну менен учурда Кыргызстандын 7 жылдык облигациялары боюнча милдеттенмелери 38,9 миллиард сомго бааланган, ал эми казыналык милдеттенмелерге жайгаштырылган ички карыздын жалпы көлөмү 132,5 миллиард сомду түзөт.