Никеге туруу канча сом турат? Министрлик жарандык абалдын актылары боюнча бланктардын баасын жарыялады

04.08.2021, 11:47 Акчабар
Никеге туруу канча сом турат? Министрлик жарандык абалдын актылары боюнча бланктардын баасын жарыялады

Коррупциянын тобокелчиликтерин жоюу жана ачык-айкындуулукту жогорулатуу үчүн Санариптик өнүктүрүү министрлиги мекеменин ведомстволук бөлүмдөрү тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын расмий баалары жөнүндө кабарлады. 

Ага ылайык, жарандык абалдын актыларын каттоо үчүн күбөлүктөрдүн бланктарынын баасы (банктык кызматтарды кошкондо) төмөнкүчө:

  • туулгандыгы жөнүндө - 54 сом;
  • өлгөндүгү тууралуу - 13 сом;
  • никеге туруу боюнча - 57 сом;
  • ажырашуу боюнча - 20 сом;
  • толук аты-жөнүн өзгөртүү жөнүндө - 13 сом;
  • күбөлүк берүү - 110 сом;

Мында жарандар күбөлүк бланктары үчүн гана төлөшөт, жарандык абалдын актыларын каттоо бекер жүргүзүлөт. Ошондой эле жакында жаңы төрөлгөн баланы салтанаттуу түрдө каттоо боюнча бекер кызмат кайра жандандырылды.

Арыз берүүчүнүн талабы боюнча никени салтанаттуу түрдө каттоонун баасы (банктык кызматтарды кошкондо) болсо:

  • Бишкекте - 1 миң 797 сом;
  • Ош шаарында - 822 сом;
  • Бишкек жана Ош шаарларындагы нике каттаган жайлардын сыртында - 4 миң 38 сом;
  • республиканын регионалдык каттоо бөлүмдөрүндө - 358 сом, сыртта - 826 сом.

Жарандык абалдын актылары жөнүндө шашылыш кызматтардын баасы (банктык кызматтарды кошкондо):

  • шашылыш түрдө жарандык абалдын актыларынын жазууларына түзөтүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү - 600 сом;
  • аты-жөндү толук алмаштырууну шашылыш каттоо - 600 сом;
  • жарандык, каттоо, калкты документтештирүү жана жарандык абалдын актылары жөнүндө маалыматты шашылыш ырастоо - 170 сом.

Кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын төлөө банктардын кассаларында гана жүргүзүлөт.

 

Тэги: ЗАГС свидетельство

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу