Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомо сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтынын маалыматы тастыктайт.
Тендердин жалпы суммасы 85 миллион сомду түзөт.
Бул каражатка подрядчы I, II, III топтогу майыптар үчүн санаториялык-курорттук жолдомолор менен камсыз кылууга тийиш.