Министр Ч.Айдарбеков Германиянын ири экономикалык бирикмелеринин өкүлдөрүн Кыргызстанга чакырды

28.01.2020, 14:15 Акчабар
Министр Ч.Айдарбеков Германиянын ири экономикалык бирикмелеринин өкүлдөрүн Кыргызстанга чакырды

2020 - жылдын  27-январында Берлин шаарында КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен герман экономикасынын Чыгыш-европалык бирикмесинин Аткаруучу директору Михаэл Хармстын жолугушуусу болду.

 

Министр Ч.Айдарбеков маектешине Кыргызстандын экономикасынын приоритеттүү багыттары жөнүндө маалымдады жана германия экономикасынын өкүлдөрүн өлкөгө инвестиция кылууга чакырды.

М.Хармс эки өлкөнүн ишкердик чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды кеӊейтүүнүн жана биргелешкен бизнес-форумдарды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Аны менен бирге 2019-жылы Мюнхен шаарында болуп өткөн кыргыз-герман бизнес-форумун жана анын жүрүшүндө экономиканын түрдүү чөйрөсүндө бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлганын позитивдүү белгиледи.

Министр Ч.Айдарбеков Чыгыш-европалык бирикменин өкүлдөрүн ЕБ-БА биринчи экономикалык форумуна катышууга чакырды.

М.Хармс мындан ары дагы кызматташууга жана эки өлкөнүн ишкердик чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен өз ара сапарларды уюштурууга даярдыгын билдирди.

 

Маалымат үчүн:Герман экономикасынын Чыгыш-европалык бирикмеси – Германиядагы ири бирикмелердин бири. Анын курамына Siemens, Deutsche Bank, KNAUF сыяктуу жана башка бир катар ири германиялык компаниялар кирет. Бирикменин ишмердүүлүгү Германия менен Борбордук, Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн, Түштүк Кавказдын жана Борбордук Азиянын ортосундагы экономикалык өз ара аракеттенүүнү колдоого багытталган.

 

Тэги: экономические объединения немецкая экономика представители

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу