Азамат Жаманкулов маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри кызматынан кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
"Президент Садыр Жапаров Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кол койгон жарлыктын негизинде маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Жаманкулов Азамат Капарович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду", - деп айтылат маалыматта.