Министрлер кабинетинде Камбар-Ата–1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруу талкууланды

02.02.2022, 09:05 Акчабар
Министрлер кабинетинде Камбар-Ата–1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруу талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев энергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулоо боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда Камбар-Ата – 1 ГЭСин куруу, Камбар-Ата – 2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү жана Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоорлору тууралуу кеп жүрдү.

Министрлер кабинети улуттук энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселеси боюнча бардык кызыкдар инвесторлор, өнөктөштөр жана эл аралык каржы институттары менен кызматташууга даяр экендиги белгиленди.

Алиев белгилегендей, Энертетика министрлиги Камбар-Ата – 1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруу аракетин активдештирүүсү зарыл. Ошондой эле ал Финансы министрлигине долбоордун биринчи фазасын ишке ашыруу үчүн каржы булагын аныктоо жана стратегиялык инвесторду тартуу боюнча ишти активдештирүү боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.

Буга катар Энергетика министрлигине Токтогул ГЭСинин №4 гидроагрегатын ишке киргизүүнү тездетүү тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары, Камбар-Ата-2 ГЭСинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар маселелерди иштеп чыгуусу, ошондой эле Евразия өнүктүрүү банкы менен долбоорду узак мөөнөттүү каржылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү тапшырылды.

Тэги: Камбар-Ата-1 ГЭСи Азиз Аалиев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу