Министрлер кабинетинин төрагасы Оштогу цемент заводуна барды

18.01.2023, 14:10 Акчабар
Министрлер кабинетинин төрагасы Оштогу цемент заводуна барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусунун Араван районундагы цемент заводуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Акылбек Жапаров мындай ишканалар облустун гана эмес, жалпы өлкө экономикасынын динамикалуу өнүгүшү үчүн зарыл экендигин белгиледи.

“Өнүмдү сатуунун жаңы рынокторун өздөштүрүү үчүн жаңы талаптарды эске алуу менен заводдун технологиялык жабдууларын өркүндөтүү чоң мааниге ээ. Бул маселеге өзгөчө көңүл буруу керек”, - деди ал.

Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 2500-3000 тоннаны түзөт. Ал толугу менен автоматташтырылган, калдыксыз иштейт. Цемент заводунда 500дөн ашык адам эмгектенет. 

Ошондой эле, былтыр октябрь айында заводдун аймагында акиташ өндүрүүчү цех курулган. Учурда анын өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 300 тоннаны түзөт. Анда жалпы 50 адам иштейт. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу