Иш менен камсыз кылуу кызматынын жардамы менен 2023-жылы 16 миң 703 жумушсуз жаран ишке орноштурулган, анын 1764ү жаштар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова кесиптик лицейлердин жана колледждердин окуучулары арасында WorldSkills кесиптердин улуттук чемпионатынын ачылышында билдирди.
Анын айтымында, жаштарга кесип тандоого жардам берүү максатында өлкө боюнча тогуз кесипке багыт берүүчү борбор ачылды.
“Кыргызстанда калктын 2,4 млн 14 жаштан 35 жашка чейинки жаштар түзөт. Министрлик кесипке багыт берүү, кесиптик билим берүү, жаштарды иш менен камсыз кылуу жаатында максаттуу иштерди жүргүзүп келет. Алсак, быйыл 1-январга карата Эмгек министрлиги аркылуу 8,9 миңден ашык адам эмгек рыногунда талап кылынган кесиптерге окутулуп, анын 62%ы ишке орношкон. Министрлик быйыл 35 жашка чейинки 3 миң адамды “жаштар практикасын” ишке ашырууну пландоодо. Жаштар жеке менчик түрүнө карабастан ишканаларда практикадан өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат”.