Өкмөт кубаттуулугу 6 ГВт ашкан гидроэнергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоорлорду аныктады

08.04.2022, 13:00 Акчабар
Өкмөт кубаттуулугу 6 ГВт ашкан гидроэнергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоорлорду аныктады

Министрлер кабинети 2030-жылга чейин кубаттуулугу 6 ГВт ашуун гидроэнергетиканы өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу долбоорлорду аныктады. Бул туурасында“Энергетика тармагын трансформациялоо” форумунда Акылбек Жапаров билдиргенин минкабдын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Министрлер кабинети тарабынан энергетика тутумун туруктуу өнүктүрүүнү кайра куруу жана камсыздоо боюнча бир катар реформалар жүргүзүлүүдө. Атап айтканда, энергетикалык компанияларды ирилештирүү жана алардын ишин оптималдаштыруу боюнча түзүмдүк реформалар башталды, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана жарандарды колдоого алууну эске алуу менен электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат кабыл алынды, электр энергиясын иштеп чыгаруунун кубаттуулугун жогорулатуу жана өлкөнүн көмүртектүү нейтралдуулугу боюнча максаттарга жетишүү боюнча күчөтүлгөн чаралар көрүлүүдө.

“Жакын арада Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу башталат. Суу сактагычтын көлөмү дагы 6 млрд кубометрге чейин көбөйөт. Токтогул ГЭСине салыштырмалуу Камбар-Ата-1 ГЭСи электр энергиясын 1,5 эсе көп өндүрөт. Бала-Саруу ГЭСинин курулушу башталып, анын курулушуна бюджеттен каражат бөлүнгөн. Ошондой эле бүгүнкү күндө Дүйнөлүк банк тобу менен Ысык-Көл облусунда болжолдуу түрдө кубаттуулугу 100 МВт келген пилоттук күн долбоорун биргелешип ишке ашыруу маселеси боюнча тыгыз иштер жүргүзүлүп жаткандыгын белгилей кетүү зарыл. Өлкөбүздүн гидроэнергетикалык потенциалынын 70%га жакыны ишке ашырылбай турат. Бул потенциалды өздөштүрүү максатында 2030-жылга чейин кубаттуулугу 6 ГВттан ашык гидроэнергетиканы өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу долбоорлор аныкталган”, - деди Акылбек Жапаров.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, стратегиянын долбоорунда сунушталган реформаларды жана артыкчылыктуу инвестицияларды ишке ашыруу үчүн 2030-жылга чейин болжол менен 14 млрд доллар талап кылынат.

Акылбек Жапаров өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү жана потенциалдуу инвесторлорду Министрлер кабинетинин пландарын биргелешип ишке ашырууга чакырып, тыгыз кызматташууга жана конструктивдүү сүйлөшүүлөргө толук даяр экендигин белгиледи.

Тэги: энергетика долбоор минкаб

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу