Минкаб: «Мамлекеттик ипотекалык компаниянын» уставдык капиталы 8,5 млрд сомго көбөйтүлөт

25.02.2022, 16:30 Акчабар
Минкаб: «Мамлекеттик ипотекалык компаниянын» уставдык капиталы 8,5 млрд сомго көбөйтүлөт

Министрлер кабинетинде "Мамлекеттик ипотекалык компаниянын" иши боюнча жумушчу кеңешме өттү. Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйында "Менин үйүм-2021-2026" программасын ишке ашыруунун алкагындагы компаниянын ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев Мамлекеттик ипотекалык компаниянын программасын ишке ашырууга каражаттарды бөлүү темпин тездетүү жана ипотекалык кредитке болгон калктын бардык муктаждыгын канагаттандыруу зарылдыгы тууралуу айтып, Каржы министрлигине тийиштүү тапшырма берди.

Ага ылайык, марттын аягына чейин 1 миллиард сомго каржылоо маселесин иштеп чыгуу жана 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ипотекалык компаниянын уставдык капиталын 8,5 миллиард сомго көбөйтүү зарылдыгы белгиленди. 

Тэги: ипотека устав минкаб

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу