Маданият министрлиги куурчак театрга жылыткычтарды сатып алды

26.12.2023, 12:45 Акчабар
Маданият министрлиги куурчак театрга жылыткычтарды сатып алды

Маданият министрлиги Муса Жангазиев атындагы куурчак театрына жылыткычтарды сатып алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева билдирди.

Ал жакында эле министрден 1 млн 200 миң сомго жылыткычтарды алууну суранганын айтты.

“Ал театрга келип, маселени чечип, жада калса театрдын имаратын капиталдык оңдоодон өткөрөм деп да убада кылган экен. Ыкчам иш үчүн министрге ыраазычылык билдириңиз”, - деди депутат маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгуловго. 

Эске сала кетсек, буга чейин “Акчабар” Маданият министрлиги куурчак театрын жылытууга каражат бөлүп берүүнү убада кылганын жазган.

 

Тэги: новости Кыргызстана кукольный театр

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу