Россияда 5G байланышы үзгүлтүккө учурайбы

29.03.2019, 12:00 Акчабар
Россияда 5G байланышы үзгүлтүккө учурайбы

Россиянын  Коргоо министрлиги уюлдук операторлорго 5-муундагы байланышты сунуштоо эрте деп билдирди. Бул тууралуу  «Ведомости» басылмасы министрликке таянып жазып чыкты. 

Сөз  3.4-3.8 ГГц диапозону тууралуу жүрүүдө. Бул жыштыкты аскерлер бербесе, анда ал формалдуу түрдө эле 5G аталат. 

Аскерлерге башка диапазонду  колдонууну сунушалууда. Бирок, алар  карма-каршы пикирде. Бул жыштыкты массалык колдонууга талап зор. Акыркы мезгилде уюлдук байланышты колдонгондордун саны өсүп, сапаты төмөн түшүшү мүмкүн.  

Талашка түшкөн 3.4-3.8 ГГц диапозону  5G тез жана  арзан массага таратууга ыңгайлуу жыштык. Ошондуктан тез ылдамдыкты камсыздай алат. Бирок, «Ведомости» басылмасына билдирген маалыматтар боюнча бул жыштыкты толук бошоту оңой эмес. Бул жыштык аскердик байланышка бекитилген. Көрсө, бул жыштыкта бир гана Куралдуу күчтөрдүн эле эмес, башка күч түзүмдөрүнун байланыштары дагы жайгашканы маалым болду. 

Бул эмне үчүн маанилүү? Бул жыштыктагы маалыматтар азыркы 4G  байланышына салыштырмалуу 100 эсе тез тарап, анын ылдамдыгы  секундасына он гигабитке жетет. Жогорку ылдамдыктагы жыштык элге таандык, анткени ал аркылуу «акылдуу» машина же «акылдуу» үй системасын ишке киргизсе болот.

Куралдуу күчтөрдүн позициясы санариптик технолгияларды өнүктүрүүгө бут тосууда деп билдирет эксперттер. Анткени, анын көп багыттары 5G —аркылуу ишке ашып, интерент буюм, пилотсуз транспорт, «акылдуу» шаар долбоорлорун турмушка ашырмак. Күч органдары менен техникалык жагдайды жайгарса болот. Бирок, алар менен диалогго келүү кыйын болууда. 

Россияда качан  5G ишке кирет?

Россияда бешинчи муундагы байланышты ишке ашыруу максаты тууралуу РФ президентти Владимир Путин ушул жылы  февралда Федералдык Жыйынга  кайрылганда билдирген. Чиновниктердин эсеби боюнча  5G  РФ массалык колдонуу  келерки он жылдыкта ишке ашат.

Ал эми башка мамлекеттерде бул эрте кирет. Түштүк Корея ушул жылы  5-апрелден тартып 5G байланышын эксплуатация берсе, ушул эле күнү Samsung компаниясы 5G тарткан  Galaxy S10 смартфонун сатып баштайт. Ал эми АКШ 11-апрелде Verizon бешинчи муундагы байланышты Чикаго менен Миннеаполисте сунуштайт.

Тэги: 5G сотовая связь Минобороны Россия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу