Коргоо министрлиги аскер кийимдерин жана бут кийимдерди сатып алууга тендер жарыялады. Тиешелүү арыз мамлекеттик сатып алуулар сайтында жайгаштырылган.
Тендердин баасы 13 миллион 61 миң 852,8 сомду түзөт. Бул суммага бөлүм хром өтүк, жилет, кокарда, ич кийим, кур, билерик, тигүү аксессуарлары ж.б. сатып алууну пландаштырууда.