Коргоо министрлиги дизель майын сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.
Тендердин жалпы суммасы 9 миллион 378 миң сомду түзөт.
Белгилеп кетсек, 2 миллион 300 миңге күйүүчү майды талон менен алуу пландалууда.
Кошумчалай кетсек, Коргоо министрлиги дагы 16,8 миллион сомго авиа күйүүчү май сатып алууга тендер жарыялаган.