Айыл чарба министрлиги эми дыйкандарга WhatsApp тиркемеси аркылуу кеңештерди берип, суроолоруна жооп берет.
“Урматтуу кыргызстандыктар, биз сиздердин суроолоруңузга жооп берүүгө, ошондой эле пикириңиздерди жана сунуштарыңызды угууга ар дайым даярбыз”, - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.
Байланыш үчүн 0507947375 номуруна иш күндөрү саат 18:00гө чейин кайрылууга болот.