Айыл чарба министрлиги Кыргызстандын мамлекеттик резервиндеги ун менен дандын сапатына баа берди

17.01.2022, 13:35 Акчабар
Айыл чарба министрлиги Кыргызстандын мамлекеттик резервиндеги ун менен дандын сапатына баа берди

Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментантинин дан өсүмдүктөрүн экспертизалоо лабораториясынын кызматкерлери ун чыгаруучу комбинаттардагы мамлекеттик резервте турган дандын сапатын жана көлөмүн текшеришти.

Тактап айтканда, Чүй облусундагы “Кант-Дан-Азык”, Ысык-Көл облусундагы “Дан” мамлекеттик ишканасы, “Алтын-Дан”, Ош облусундагы “Кара-Суу-Дан-Азык” жана Жалал-Абад облусундагы “Азрет-Айыб” ун комбинаттарындагы сырьёнун жана даяр продукциянын сапатына баа берилди

Белгиленгендей, текшерүү мезгилинде дан жана ун үлгүлөр алынган.

“Данды сактоо мезгилинде бекитилген сактоо боюнча стандарттык эрежеге ылайык, анын абалын, жытын, температурасын, шамалдатуусун, зыянкечтерден сакталуусун, нымдуулугун жана башка сапаттык касиеттерин талдап чыкты”, - деп түшүндүрүштү Айыл чарба министрлиген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан алынып келинген буудай данынын сапатына баа берилип, талдоолор жүргүзүлүп, жергиликтүү буудайлар да экспертизадан өткөрүлдү.

“Экспертизанын жыйынтыгында сактоодо турган буудайлар 3-класстагы же болбосо илешкектүүлүгү 23%дан кем эместиги жана азыктандыруучу касиетине ээ экендиги аныкталды. Дандын жана ундун сакталышы канаатандырарлык деп бааланып, жагымсыз жыт жана зыянкечтери жок экени аныкталды”, - деп белгилешет лабораториянын адистери.

Тэги: госрезерв пшеница зерно мука Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу