Быйыл Айыл чарба жана Энергетика министрлигине болуп көрбөгөндөй көп каражат бөлүндү

19.08.2022, 12:28 Акчабар
Быйыл Айыл чарба жана Энергетика министрлигине болуп көрбөгөндөй көп каражат бөлүндү

Айыл чарба министрлиги менен Энергетика министрлигине быйыл республикалык бюджеттен болуп көрбөгөндөйчоң каражат бөлүндү. Бул тууралуу президенттик администрациянын коллегиясындаМинистрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.

Коллегиянын жүрүшүндө Айыл чарба министрлигинин жана Энергетика министрлигинин ишмердүүлүгү каралды, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Президентинин, жарлыктарынын, тапшырмаларынын, ошондой эле Министрлер Кабинетинин тапшырмаларынын, 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата иш-чаралар планынын алкагында каралган иш-чаралардын аткарылышы тууралуу маалымат берилди. 

Президенттин администрациясынын укук бөлүмү тарабынан аталган министрликтердин ченемдик укуктук актыларды даярдоосуна карай баа берилди.

Жапаровдун айтымында, бул ведомстволор негизги тармактык мамлекеттик органдардын бири болуп саналат, алардын ишинен Министрлер кабинетинин жалпы иши көз каранды.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле 2022-жылдын 10-декабрына чейин бардык аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишинин жыйынтыгы ушундай эле жол менен чыгарыла тургандыгын белгиледи. 

Ал ар бир коллегиянын жыйынтыгы боюнча чаралар көрүлөрүн кошумчалап, өкмөт менен президенттин аппараттары бириктирилгенден кийин жазуу жүзүндөгү гана эмес, оозеки тапшырмалардын да аткарылышын көзөмөлдөөгө кошумча мүмкүнчүлүк пайда болгонун эске салды.

Тэги: Минэнерго Минсельхоз кабмин Акылбек Жапаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу