Министрлик 2019-жылы 21 млн сомду сарамжалсыз сарптаган

28.04.2021, 12:53 Акчабар
Министрлик 2019-жылы 21 млн сомду сарамжалсыз сарптаган

2019-жылы Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги 20,9 миллион сомдон ашык каражатты сарамжалсыз сарптады. Текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө Эсеп палатасынын басма сөз кызматы билдирди. 

Аудиторлор резервдер жана бюджеттин жоготуулары дээрлик төрт миллион сомду түзүп, анын үч миллион сому калыбына келтирилгенин аныкташты. Каржылык мыйзам бузуулар 2,2 млн сомду түздү. Калыбына келтириле турган 1,2 миллион сомдун 640 миңи өндүрүлүп алынды.

"16,2 миң сомдук мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалангандыгы аныкталды, анын 8,1 миңи калыбына келтирилди. Жашыруун дебитордук карыз 457,4 миң сомду түздү, анын 395,4 миңи өндүрүлүп алынды. Андан тышкары, бюджеттин киреше бөлүгүнө 339,3 миң сом кошулуп, анын 30 миң сому калыбына келтирилди", - деп белгилешти мекемеден.

Мындан тышкары, министрликте, аймактык органдарда жана ведомстволук бөлүмдөрдө Эмгек кодексин жана "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамды бир катар бузуулар аныкталды. Ошондой эле, электр энергиясын ашыкча керектөө жана жол чыгымдарын ашыкча төлөө белгиленген.

Тэги: расходы Минсоцразвития Счетная палата

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу
<
×