Транспорт министрлигинин "Лонг Хай" ишканасы алдында карызы жок

05.02.2020, 11:15 Акчабар
Транспорт министрлигинин "Лонг Хай" ишканасы алдында карызы жок

2019-жылы Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду автожолун реконструкциялоого республикалык бюджеттен 700 млн сом каралып, жыл аягында ал толугу менен каржыланган. Бул тууралуу КР Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

2015-жылдын 4-ноябрында КР Транспорт дана жолдор министрлигинин Жол чарбасы департаменти менен «Лонг Хай» ЖЧКсы ортосунда Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду автожолун 6 млрд 803 млн 500 миң  сом өлчөмүндөгү акча каражатына реконструкциялоо тууралуу келишим түзүлгөн.

Аталган жолдун курулушунун башынан бери жалдоочунун жалдануучуну каржылоосу 4 млрд 365 млн 800 миң сомду түзгөн.

Транспорт министрлигине караштуу жол чарбасы департаментинин 2020-жылдын 1-февралына карата «Лонг Хай» жалдануучусунун алдында эч кандай карызы жок.

Тэги: Минтранс КР реконструкция дорог Иссык-Куль

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу