1996 – жылдан бери Транспорт министрлигине 2,5 млн. $ насыя бөлүнгөн. Анын эсебинен Ош — Сары-Таш — Иркештам, Сары-Таш — Карамык, Бишкек — Нарын – Торугарт, I, II, III фаза Талас — Тараз –Суусамыр жолдору бүткөрүлгөн. Ош — Баткен — Исфана, Бишкек — Кара-Балта жолдорун калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу коомдук кеңештин ачык уктуурусунда министр Жанат Бейшенов билдирди. Андан сырткары, “Түндүк-Түштүк” альтернативдик жолу курулуп жатканын баса белгиледи.
“Автожол мамлекет үчүн стратегиялык мааниге ээ. Анын бүткөрүлүшү соода-экономикалык мамилени бекемдейт жана региондорго келген туристтердин санын көбөйтөт” – деп билдирет Жанат Бейшенов.
Мамлекеттин бюджетинен Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду ж.б. жолдор салынып жатат. Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыялангандыктан, ар бир райондуен жолдорун асфальттоо иштери жүргүзүлүп жатканын дагы кошумчалады.