Транспорт министрлиги жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизди

08.06.2022, 11:25 Акчабар
Транспорт министрлиги жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизди

Ушул жылдын 2-июнунан 1-сентябрына чейин жүк ташуучу унаалардын коомдук жолдордо жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Чектөөлөр жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында киргизилүүдө, деп белгилейт мекеме.

Алсак, жайкысын күндүзгү температура 280С жана андан жогору болгондо максималдуу жалпы массасы 18 тоннадан ашкан автоунааларга эртең мененки саат 10дон кечки саат 8ге чейин коомдук жолдордо жүрүүгө тыюу салынат.

Бул буйрук төмөнкү унааларга жайылтылбайт:

• жүргүнчүлөрдү ташуу;

• гуманитардык жардамды жеткирүү үчүн ташууларды жүргүзүү;

• тез бузулуучу тамак-аш азыктарын жана кооптуу жүктөрдү ташуу;

• Атайын берилген уруксаттын негизинде көлөмдүү жана оор жүктөрдү ташуу;

• Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун курууга, реконструкциялоого, реабилитациялоого жана күтүүгө тартылган жол башкаруучулары жана подряддык уюмдары аларга ордер боюнча берилген аймактарда гана жол иштерин жана бул аймактарга кирүүчү жолдорду жүргүзүүгө.

Тэги: Минтранс КР дороги временный запрет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу