Транспорт министрлиги подрядчыларга вексель боюнча милдеттенмелерди төлөйт

06.09.2022, 12:56 Акчабар
Транспорт министрлиги подрядчыларга вексель боюнча милдеттенмелерди төлөйт

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги подрядчыларга векселдер боюнча милдеттенмелерди төлөп берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде транспорт министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев билдирди.

Маселени депутат Алишер Козуев көтөрдү.

Министрдин орун басарынын айтымында, ведомствонун 2019-2020-жылдарга карызы бар.

"Кээ бирлери вексель менен жабууга убада беришкен, мындай чечим министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган. Каржы министрлиги азыр мыйзам долбоорлорунун үстүндө иштеп жатат. Подрядчылар акчасын үстөк пайызы менен кайтарып алышат", - деп жооп берди Кайынбаев.

Ал ошондой эле бүгүнкү күндө 320 чакырымдан ашык жол курулганын, анын 65 чакырымы инвестициялык долбоорлордун эсебинен, калганы республикалык бюджеттин эсебинен экенин билдирди. Курулуш мезгили аяктаганга чейин дагы 120 чакырымга жакын жол курулат.

Тэги: Нурланбек Кайынбаев Минтранс Алишер Козуев Жогорку Кенеш вексель

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу