Улуу Британияга Бишкекте виза борборун ачуу сунушталды

22.03.2023, 10:53 Акчабар
Улуу Британияга Бишкекте виза борборун ачуу сунушталды

Ушул жылдын 13-мартынан 16-мартына чейин Эмгек министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев, Ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурбек Абдиев, ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин жана Эл аралык миграция уюмунун өкүлдөрүнөн турган расмий делегация Улуу Британияда иш сапары менен болду. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин сайтында маалымдалды.

Анда британ тарап менен жумушчулардын жыргалчылыгы, аларды ишке алуу тартиби, социалдык төлөмдөр, медициналык камсыздандыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан укук бузуулардын алдын алуу, адам сатуу жана башкалар боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Кыргыз делегациясынын өкүлдөрү бөлүнгөн эмгек квоталарын көбөйтүү зарылдыгын айтып, ошондой эле кыргыз жарандарына виза алууну жеңилдетүү үчүн Бишкекте Улуу Британиянын виза борборун ачуу маселесин карап көрүүнү сунушташты.

Тэги: экономика Минтруда и соцразвития Великобритания работа дистанционная работа новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу