Октябрь айында Юстиция министрлиги акысыз юридикалык жардам көрсөтүү үчүн эки жаңы борбор ачууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Биринчи борбор Кайыңдыда Садовый, 7 тилкесинде ачылат. Бардык жергиликтүүлөр юридикалык маселелер боюнча оозеки кеңеш, ошондой эле документтерди даярдоого жардам берүү аркылуу акысыз юридикалык кеңештерди жана маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ал эми, зарыл болсо, экинчи юридикалык жардам көрсөтүү үчүн адвокат дайындалат.
Экинчи борбор Бишкек шаарында, Жибек-Жолу, 381, 3-кабатта (мурдагы "Эльдорадо" имараты) жайгашат.