Саламаттык сактоо министрлиги аудитке тогуз млн сомдон ашык жумшайт

01.12.2022, 09:50 Акчабар
Саламаттык сактоо министрлиги аудитке тогуз млн сомдон ашык жумшайт

Саламаттык сактоо министрлиги 2021-жылга карата баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасынын алкагында финансылык аудит кызматтарын сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.

Тендердин жалпы суммасы 9 миллион 483 миң сомду түзөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин талаптарына ылайык, аудитор Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган долбоорлор менен беш жылдан кем эмес иштеши керек.

Беш жылдык мөөнөткө (2020-жылдан 2024-жылга чейин) баштапкы медициналык-санитардык жардамды каржылоо боюнча милдеттенмелердин жалпы суммасы 37 миллион долларга бааланганы такталды.

Тэги: Минздрав Всемирный банк аудит экономика новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу