Саламаттыкты сактоо министрлиги медициналык жабдууларды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланды.
Тендердин жалпы суммасы 80 миллион сомду түзөт.
Лапароскопиялык жана эндоскопиялык жабдууларды сатып алууга 61,6 миллион сом сарпталат.
Мындан тышкары “С-Дуга” рентген аппаратын, УЗИ аппаратын, медициналык стерилизатор жана видеогастроскоп алуу пландалууда.