Саламаттыкты сактоо министрлиги 2024-2025-жылдары дарыгерлердин айлыгын көтөрүүнү пландоодо. Бул тууралуу министр Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
“Балким, республикалык бюджеттен, балким, башка булактардан, бирок биздин адистер азыр айлык акыны жогорулатуу булактарын издеп жатышат”, - деди Бейшеналиев.