Саламаттык сактоо министрлиги 18,6 миллион сомго эмчек рагын дарылоочу препарат сатып алат

12.04.2021, 16:00 Акчабар
Саламаттык сактоо министрлиги 18,6 миллион сомго эмчек рагын дарылоочу препарат сатып алат

Саламаттык сактоо министрлиги ракка каршы иммунопрепараттарды, ошондой эле химиотерапиялык жана даректүү дары-дармектерди сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.

[жаңылыктар 34016]

Тендердин жалпы суммасы 51 миллион 85 миң сомду түзөт.

Тендердин техникалык тапшырмасында 14 түрдүү дары көрсөтүлгөн. Баарынан да, эрте сүт безинин рагы үчүн колдонулуучу трастузумабды сатып алуу пландалууда, жалпысынан ага 18 миллион 690 миң сом жумшоо пландаштырылууда.

Кыргызстанда рак оорусунун структурасында эмчек рагы биринчи орунда турат.

 

Тэги: рак Минздрав КР госзакупки экономика медицина

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу